www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто 65 жаштагы эркек киши шаардык клиникалык оорукананын экинчи кабатынан секирген. Бул тууралуу Ош ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, каза болгон бейтап коронавирус илдетине чалдыгып дарыланып жаткан жана ал реанимацияга түшкөн болчу.
«Бейтап кечээ саат 22:00дө бөлмөнүн терезесинен секирген. Алган жаракаттарынан улам ошол жерде жан берди. Керектүү экспертизалар дайындалды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү боюнча катталды», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин ушул эле ооруканадан коронавируска каршы дарыланып жаткан 34 жаштагы бейтап дагы терезеден боюн таштаган.
Булак: NazarNews.kg