www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын участка башчысы шайлоодо добуш сатып алууну уюштурууга шектелип кызматтан алынды.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан партиялардын бирин колдоп, добуш сатып алуу максатында ар бир жаранга 2000 сомдон таратууга аракет кылган.

Милицияга анын үстүнөн арыз түшүп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Териштирүү маалында шектүү күнөөнү моюнга алган.

Бул фактыдан улам "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын жетекчилиги аны кызматтан алган. Шектүүнүн иши 24-ноябрда сотко өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен буга чейин бир катар чиновниктер кызматтан кеткен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости