www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ванга 2022-жыл кандай болот деп көзү ачыктык кылган?

Ванганын айткандары жакында социалдык тармактарда тарады. Башкысы 2022-жылы Орусияда эч кандай согуш жана жаратылыш катаклизми болбойт. Орусияда тынчтык болсо бул Кыргызстанга да тиешелүү. Анын айтуусунда: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Орусия, Украина жана Белоруссия болушу ыктымал деген ой келет. Белоруссия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украина менен Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн. 2022-жылы Украина жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмекчи. Жыл аягында Украина менен Орусиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында РФ президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2020-жылы Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт... Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2022-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Которгон: NazarNews.kg

Последние новости