www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрөгасы Камчыбек Ташиев талапкер Текебаевдин айткандарына жооп берди.

"Кечээ күнү бир кандидат айтып жатат "мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдангыла, мен президент болом" деп. Көрдүңөрбү булардын психологиясы бузулуп калган.

Булардын максаты революция болуп турса тез-тез элди талап-тоноп, бийликти алмаштырып, мамлекетте стабилдүүлүк болбосо, өзү эптеп бийликке жетсе болду. Мындайларга биз жол бербешибиз керек.

Мындан ары эч кандай революция болбостон, бардыгы мыйзам чегиде элдин эрки менен чечкенге мүмкүчүлүк түзүп беришибиз керек. “Как будто” азыркы бийликке бир укмуш, бардыгы уюшулган, экономикалык жана финансылык күчтүү бир мамлекетти белек кылып кеткендей эле сүйлөйт.

Мына биз ошол нерсени жасайлы деп иштеп жатабыз. Биз иштеген убакта мамлекет күчтүү болушуна жол ачып калалы деген чоң максат бар. Ошол максатка жетиш үчүн ушундай элди туура эмес багытка бурган саясатчыларды коомубуз өзү дагы токтотушу керек.

Эртең шайлоо өтсө, элди дүрбөлөң кылып көчөгө чыгара турган эч кандай шылтоо жок. Мамлекет эч кандай басым кылбай колунан келишинче шарттарды түзүп берип, эч нерсени урдабай, бала-чакасын бийликке алып келбей, тек гана чуркап иштеп жатат. Садыр Нургожоевчтин багыты ушул гана. Ушул багытты колдоп бересиздер деген үмүттөмүн", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости