www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институтунун төрагасы, саясат таануучу Бакытбек Жумагулов редакциябызга берген маегинде алдыдагы плебисцит тууралуу пикирин билдирди.

- 2021-жылдын ноябрында 2020-жылдын октябрындагы каталарды кантип кайталабаш керек?  

- Биринчиден, 2020 -жылдын октябрында бийлик шайлоо кампаниясынын негизги катышуучулары менен сүйлөшүүгө даяр эмес болчу. Бийлик ички оюндар, бийлик менен келечектеги мандатты 3 партиянын ортосунда бөлүштүрүү менен алек эле.

Экинчиден, бийлик тараптан шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда жол берилген тартип бузууларга (форма 2), бүткүл өлкө боюнча жаралып жаткан талаш-тартыштуу жагдайларга (бул айрыкча Ош областынын Араван районунда ачык көрүндү) эч кандай көңүл бурулбады.   

Үчүнчүдөн, бийлик шайлоо болуп жаткан күнү да уланган массалык, орой тартип бузууларга (шайлоочуларды ташып келүү, сатып алуу) да эч кандай чара көргөн жок. Мунун баары ачыктан ачык административдик ресурсту жана ири каражаттарды колдонуу менен коштолду.   

Төртүнчүдөн, бийлик күч каражаттарын колдонууга гана ишенип, шайлоодон кийинки келип чыккан кризистик кырдаалга тоготпостук менен мамиле жасады.  

Ошондуктан, 2020 -жылдын октябрындагы катачылыктар кайталанбасын десек, Кыргызстандын президенти белгилеп келгендей, шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында таза, адилеттүү жана ачык өтүшү керек жана добыш сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу фактыларына каршы реалдуу, системалуу каршы аракеттер болушу керек.  

- Шайлоочулардын добушун сатып алуу – Кыргызстан үчүн көнүмүш адатка айланып калган эмеспи. Бирок сиз бийликтин тартип бузууларга жол бербей, шайлоону таза өткөрүү боюнча даярдыгын канчалык деп баалайсыз?

- Бул шайлоодо бийлик бардык тобоелчиликтерди жана сыноолорду алдын ала эске алды, ошондуктан таза, адилет жана ачык шайлоо өткөрүүгө даяр деп айтсак болот. Президенттин ЖӨБ органдары менен жолугушуусу жана КР Президентинин указы шайлоону өз деңгээлинде өткөрүү үчүн анын бардык катышуучуларына жана уюштуруучуларына негизги багыт берди.

Мындан тышкары, биз административдик ресуртсту колдонууга жана добуш сатып алууга жол бербөө багытында реалдуу иштер жүргүзүлүп жатканын көрүп турабыз. Административдик ресурсту колдонуу боюнча айрым аймак жетекчилерине жана сатып алуу фактылары боюнча талапкерлерге санкциялар да колдонулду.

Бирок кара пиардын технологиялары шайлоого бирж ума калганда активдешип, добуштарды сатып алууга активдүү даярдык көрүү башталарын эске алуу керек. Бул жагынан алганда, КР БШКнын КГОР (ыкчам топтор) иши, КР БШКнын шайлоо алдындагы үгүттү козөмөлдөө боюнча Жумушчу тобунун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү актуалдашат. 

- Бүгүн биз өзүлөрүнүн ишке жөндөмсүз экенин көрсөтүшкөн эски саясатчылардын, мурдакы депутаттардын талапкер болуп жатышканын көрүп турабыз. Алар өзгөрүүгө жөндөмдүү деп ойлойсузбу? 

- Адамдын сапатынын өзгөрүшү бул философиялык маселе, адамдын өзүнө тиешелүү жана убакыттын маселеси. Албетте эгерде ал элдин өкүлү – депутат болгусу келсе, анда жакшы жагына өзгөрүүгө, өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын парламентте коргоого, сапатуу мыйзамдарды кабыл алууга болгон аракетин жумшашы керек.  

Акыркы мезгилдерде сапатсых парламент тарабынан канчалаган сапатсыз мыйзамдар кабыл алынып кетти, аларды анан кайрадан ондоого, толуктарды киргизүүгө, айрымдарын таптакыр эле жокко чыгарууга туура келди. Мисалы, сапатсыз Кылмыш-жаза кодексин өлкөнүн ар бир жаранынын жашоосуна таасир эткени үчүн жокко чыгарууга туура келди.   

Учурда Кыргызстандын калкы тарабынан люстрациялоо маселеси негизсиз жерден улам көтөрүлүп жаткан жок. Ошол люстрацияны эл так мына ушул шайлоонун жүрүшүндө колдоно ала турган мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ишке жарамсыз депутаттарды калк өзү эле ылгап койсо болот.    

Бул маселени (люстрациялоо жана айрым депутаттардын ишке жарамсыздыгы) өзүнүн шайлоо алдындагы үгүттөөсүндө курамы жаш, сабаттуу өкүлдөрдөн турган «Эл Үмүтү» жаштар партиясы «чимкириктер, жаштар силерге каршы!» деген талабы менен кыйла ачык белгилей алды. Бул курамында эски саясатчылар, олигархтар жок, жалаң жаш, прогрессивдүү, жаш курагы 35теги, көпчулүгү чет мамлекеттерде окуп иштеп келишкен патриот жаштардан турган бирден бир партия.

- Кырдаалды реалдуу өзгөртүү үчүн парламент кандай болушу керек?

- Биринчиден, парламент сапаттуу болушу керек. Анда жаш, сабаттуу, Кыргызстандын ички тышкы саясатынын кылдат жактарын териштире билген, иштиктүү, шайлоочуларынын арасында кадыр-баркы бар депутаттар отурууга тийиш. 

Экинчиден, глобалдуу кризистин жана анын биздин өлкөнүн социалдык -экономикалык жашоосуна таасирин тийгизип жаткан шарттарда президент, өкмөт жана парламент тарабынан макулдашылган, комплекстүү, ыкчам, натыйжалуу жана сапатуу чечимдер кабыл алыныр, алар кризисти жеңип чыгууга багытталышы керек. Мында парламент ыкчам иштеши шарт.

- Эгерде Кыргызстандагы абал өзгөрбөсө, анда эмне болуп кетиши ыктымал?

- Эгерде сапатсыз парламент келсе, ал өз ишин аткара албаса, элдин кызыкчылыгын коргой албаса, кризисти жеңе албаса, анда бейформал лидерлер жана уюмдар пайда болот да жана бүт жерде лидерликти жана өкүлчүлүктөрдү колго алышат. Алар өз эркин митингдер жана жүрүштөр аркылуу билдириши мүмкүн.   

Арийне, мындай кырдаал жалпысынан алганда, инвестициялык жагымдуу кырдаалга кедергисин тийгизип, биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын начарлатат, өлкө өнүгүүсүнө, түзүлгөн кризистик кырдаалдан женил чыгып кетүүгө да эч бир салымын кошпойт.  Ошондуктан, эң маанилүүсү, добушту сатпай, татыктуу, сабаттуу, прогрессивдүү парламент депутаттарын шайлап алуу керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости