www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан  коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу, анын ичинде контролдук-текшерүү функциялары бар мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоого, бөгөт коюуга жана алдын алууга багытталган системалуу иштерди улантууда.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100%ы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген  коррупциялык фактылар аныкталды.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости