www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу шайлоого катышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же болбосо таратуу же сатып алуу жөнүндө ыкчам маалымат аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси  (Шайлоочунун добушун сатып алуу) менен
кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында көрүлгөн
ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2021-жылдын 24-ноябрында Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо боюнча "Ыйман Нуру" саясий партиясына добуш берүүлөрү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча
каражаттары таратылгандыгы аныкталган.

Ош шаарынын Автозоводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну, “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүсүмүн - деп өзүн тааныштырган М. И. тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган окуя боюнча суралды.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө, “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын жана 2021-жылдын 22-ноябрында “Алмагул” аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында кырк
миң (40.000) сом алгандыгын жана 24-ноябрда аталган акча каражаттарды Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып берип жаткан жеринде  милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктап берген.

Ошондой эле далил зат катарында М.И. башкарып жүргөн “ДЭУ-МАТИЗ” үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзүлүп, натыйжада унаанын ичинен 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, 4 даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган.

Тергөөгө сурак берген М.И. аталган акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алгандыгын көрсөтүп жана айтып берди Ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, М.И. менен бирге өздөрүн “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырышкан Т.Д. жана У.Н. кармалып, тергөөгө камсыз болушкан.

Алар өз көрсөтмөсүндө “Алмагүл” аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10.000 сом жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча каражаттарын алгандыгын, ал акча каражаттарын Латипжанов көчөсүнүн тургуну Т.Л. аттуу шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин билдиришкен.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында М.И., Н.У. жашаган батирлерине жана Ош шаарына караштуу Туран кичи шаарчасынын Автозоводская көчөсүндө орун алган “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык болгон штабына тинтүү жүргүзүлүп ар түркүн багыттагы баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары алынган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынын штабынын жетекчиси”, - деп айтылган “Алмагул” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы А.А. болгон.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып ошол жерде жүргөндүгүн,  ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон деп акча каражаттары ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирген.

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Ош шаардык башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 1982-жылы туулган М.И., 1980-жылы туулган  Т.Д. аттуу эки жаранга Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, экөө тең Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын башка катышуучуларынын өздүгүн аныктап,  алардын  аракеттерине туура юридикалык баа берүүгө багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости