www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года

Иш-чарага ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, башкармалыктардын, кызматтардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.

Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года

Урмамбетов милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысын ыкчам карап, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо керектигин эске салган

Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года

Саптык кароого ИИМдин бардык түзүмдүк бөлүктөрү: атайын багыттагы полктун, ЖКККББнын, Күзөт кызматынын кызматкерлери, ИИМ академиясынын курсанттары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББинин, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ички аскерлеринин аскер кызматчылары тартылган.

"Гарнизондук саптык кароонун негизги максаты — мамлекеттик масштабдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерүү. Өздүк курамга шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамалар берилип, укуктары жана милдеттери айтылды", — деп жазылган маалыматта.

Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года

Урмамбетов милиция кызматкерлерине коомдук коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так аткарып, ар бир тартип бузуу фактысын ыкчам карап, мыйзамдарды жана тартипти бузууга жол бербей, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо керектигин эске салган.

Шайлоо күнү добуш берүү тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Алар 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөмөкчү.

Состоялся развод-инструктаж органов внутренних дел Бишкекского гарнизона на Старой площади Бишкека, в преддверии выборов ЖК. 25 ноября 2021 года

Милиция кызматкерлерине шайлоо комиссияларынын коопсуздугун камсыздап, бюллетендерди шайлоо тилкелерине коштоп жеткирүү, шайлоо жабдыктарынын жана иш кагаздарынын сакталышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөнү да белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости