www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда коронавирус илдетин жуктуруп, бирок жашырып жүргөн адам аныкталды жана ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, кылмыш иши кечээ, 6-апрелде козголгон.

«Ал ооруганын билип туруп жашырып, достору жана туугандары менен байланышта болгон. Качан гана ооруп калганда илдет аныкталып калды. Анын досторунун, кесиптештеринин арасынан да коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголгон адам изоляцияда жатат. Абалы жакшы болгондо камалат. 5 жылга чейин камоо жөнүндө берене бар. Эгер өзүңүздөн шек санасаңыз, райондук ооруканага кайрылыңыз», - деди М.Нурдинов.

Бирок комендант оору жуктурду делген бейтапка кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгонун ачыктаган жок.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости