www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто эки киши сууга чөгүп каза болду

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда Жекелик (Яккалик) каналына 10-август күнү 60-61 жаштагы эки киши бири-бирин куткарам деп жатып чөгүп кеткен. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов билдирди.

Табакаловдун айтымында, баштапкы маалыматтарга караганда кишилер спирт ичимдигин ичип, каналдын жанында эс алып жаткан учурда бирөө сууга түшүп, экинчиси аны куткарууга аракет жасаган.

Издөөнүн негизинде алардын сөөгү ошол эле күнү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Окуя "Кокустук" беренеси менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости