www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы Б.М. аттуу жаран 14-ноябрь кармалган.

«Ал жаран «Инстаграм» социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости