www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул туурасында бүгүн, 23-август Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана иновациялык технологиялар фонду” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн талкуулап жатып, бир нече муниципалдык ишканаларга талап койду. Жыйынга вице-мэрлер, курулуш тармагын жана экономикалык багытты тейлеген муниципалдык кызматтардын, мэриянын бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын алкагында негизги тема шаардыктарды ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуудагы иш аракеттер туурасында болду.

Шаар башчысы көп кабаттуу үй алууну эңсеген шаардыктар көп экендигин баса белгилеп, 3 күндүн аралыгында курулуш жүрө турган жерди аныктоо тапшырмасын берди. Ошондой эле, эскилиги жеткен, кепе (барачный) түрүндө салынган үйлөргө инвестиция тартуу багытын колго алууну талап кылды. Мындан тышкары, курулуш компанияларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы облигине Өзгөндөн чыгып жаткан сары ташты колдонууну сунуштады.

Белгилей кетсек, “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана иновациялык технологиялар фонду” муниципалдык ишканасы үстүбүздөгү жылдын апрель айында негизделип, шаардыктарды турак-жай менен камсыз кылуу жана инвестиция тартуу максатында жыйынтыктуу иштерди жүргүзүп келет деп билдирди Ош мериясынын басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости