www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында каналга түшүп кеткен 32 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, маркумдун денеси бүгүн, 12-июлда саат 15:15те табылды.

"11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бүгүн издөө иш-чаралары саат 07:15те башталып, ага 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости