www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куткаруучулар Ош шаарында каналга түшүп кеткен адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Маалым болгондой, 2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жаран 12-июль күнү аталган каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20, жалпы 68 адам чыгышкан.