www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашыргандыгы үчүн иш козголду. Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрель күнү брифингде билдирди.

Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.

«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын тууганы обсервацияга алынды», - деди Нурдинов.

Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости