www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн сегиз жашоочусунун биринен ушул диагноз аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар борбору билдирди.
Маалыматка караганда, күйдүргү жуккан деген шек менен Ош облустук ооруканасында жаткан бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык. Баарынан тең анализ алынып, Ош облустук Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилген.
Карантинге алынган Тогуз-Булак айылына мал алып кирип-чыгуу токтотулду.
Булак: NazarNews.kg