www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында милиция кызматкери үйлөнүү тоюна бир күн калганда өзүн-өзү атып өлтүрдү. Аймактык кабарчыга өздүк булактардан билдиргендей, кечээ, 27-апрель түнү милиция кызматкеринин жансыз денеси Масалиев проспектисине токтотулган автоунаадан табылган.
Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн 28 жаштагы милиция кызматкери өз унаасында каза болгондугун маалымдады. Милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Алгачкы божомолдоолор боюнча ал өз өмүрүнө кол салган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн-өзү аткан милиция кызматкери Т.С. Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну болгон жана тапанчаны өзүнүн милицияда иштеген досунан алып кеткен. Анын бүгүн, 28-апрелде Ош шаарындагы ресторандардын биринде үйлөнүү тою болмок.
Маркум милицияда 2014-жылдан бери иштеп келген. Ал бүгүн жерге берилди.
Булак: Турмуш