www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районунда сотко чейинки өндүрүш ишин оң жагына чечип берем деген тергөө кызматкери кармалды. Ал ишти чечүү үчүн 80 миң сом талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Анда арыздануучуга карата катталган сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 миң сом өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан Ош облусунун Ноокат РИИБинин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 1-бөлүмү ("опузалап пара алуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-июль күнү ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат РИИБинин кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору С.А. кармалды.

Азыркы учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости