www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто митингге чыккандар жок

Ош шаарынын аймагында бардык мекеме-ишканалар өз нугунда иштеп жатышат. Митинг-пикетке чыккандар жок. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция учурда коомдук тартипти сактоо боюнча кызматын аткарууну улантууда.

Шаардык ички иштер бөлүмү буга чейин кырдаалдан пайдаланып, шаарда кылмыш аракеттерине жол бербеш үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирген.

Ош шаарында 6-октябрь күнү эрте менен башталган митинг 7-октябрга караган түнү саат экиге чейин уланган. Митингде алгач ЖогоркуКеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керек экенин белгилеген.

Андан кийин митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап коюлуп, туштөн кийин «Мелисбек Мырзакматов келсин» деген талап коюлган. Түнкү саат бир жарымдарда Мырзакматов келгенден кийин эл тарап кеткен.

Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына эл члгулууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости