www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун премьер-министр болушун тааныбайбыз. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн дагы бир Координациялык кеңештин мүчөлөрү маалымат жыйын учурунда билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи Координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына "Чоң Казат", "Ордо" "Мекен ынтымагы" "Реформа", "Ыйман нуру" партиялары кирген.

Бүгүн, 7-октябрда, алар өкмөт үйүндө маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Экинчи Координациялык кеңеш жыйында кечээ, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн өкмөттү жана Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааныбай турганын айтышты.

Мындан сырткары, алар өкмөттү толугу менен люстрация кылып, кийинки шайлоого "Мекеним Кыргызстан, "Биримдик", "Кыргызстан" партияларын катыштырбай, парламентти таратуу чечимин кабыл алышкан.

Буга чейин өлкөдө бир Координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын курамына КСДП, "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол" жана "Замандаш" партиялары кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости