www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын  кызматкерлерине ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап, алып жүргөн жаран жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1984-жылы туулган С.А. аттуу жарандын турак үйүнөн 1 даана ок атуучу курал алынган. 

Куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык,  алынган курал ок атууга жарактуу, ТОЗ-8М үлгүсүндөгү күжүрмөн ок атуучу курал экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде 1984-жылы туулган С.А. аттуу жаранга карата  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы жашаган үйүнөн эч жакка кетбөө боюнча тил кат алынып,  тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Последние новости