www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат Абдукаимов Кыргыз Республикасынын U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Бул кызматта ал Эдмар Ласерданы алмаштырды.
Белгилей кетсек, бул чечим КФБ тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын футбол боюнча U-16-U-23 Улуттук курама командаларынын иш алып баруу концепциясынын алкагында кабыл алынды. Аталган концепцияга ылайык, Кыргыз футболунда туруктуу өнүгүүнү жана натыйжалуу системаны түзүү максатында, Кыргызстандын U-23–U-16 курама командаларынын башкы машыктыруучулук кызматтарына тиешелүү квалификацияга ээ болгон ата мекендик адистер гана дайындалышы керек. Учурда бул милдетти ийгиликтүү ишке ашырууга жетиштүү деңгээлде квалификациялуу жергиликтүү машыктыруучулар бар.
Урмат Абдукаимов - АФКнын «А» категориясындагы лицензияга ээ тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курама командада убактылуу башкы машыктыруучу болуп иштеген. Учурда Премьер-Лиганын «Талант» клубун жетектеп, Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулган машыктыруучуларды даярдоо курстарында жана семинарларда инструктор катары да иш алып барууда.
Урмат Абдукаимов U-23 Олимпиадалык курама командасын 2026-жылдын сентябрь айында өтө турган Азия оюндарына даярдайт.
Кыргыз футбол биримдиги Урмат Абдукаимовго жаңы кызматында жана алдыдагы жооптуу мелдешке даярдык көрүү иштеринде ийгиликтерди каалайт.