www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто окуучулар ууланып, ооруканага түштү

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түшкөн. Маалыматты аталган ооруканадан тастыкташты.

Ага ылайык, алты окуучу тең айылдагы Дадан Султанов атындагы жатак интернатында билим алышчу.

--"2-февраль күнү саат 14:10дор чамасында балдар белгисиз нерседен ууланып, облустук ооруканага келип түшкөн. Алтоонун бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми эки окуучунун абалы жакшырып, кечээ, 3-февраль күнү үйүнө чыгарылды", — деди оорукана кызматкерлери.

Учурда төрт окуучу неврология бөлүмүндө дарыланып жатканы маалым болду.

Аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргал Кадыров билдиргендей, балдардын ашказаны жуулган. Алардын эмнеден уулангандыгы азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости