www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто он продукцияга бренд сертификаты берилди

Ош облусунда «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун бренд комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты — адамдарды ишкерликке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

«Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн продукциялар тандалып алынып, Ош-Брендинин БАБП сертификаттары ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Брендди алган продукциялар:

  • Жемиштер жана жаңгактар — Турдумаматов Бакыт;
  • Жемиштер жана жаңгактар менен печенье — «Адеми» кондитердик цехи;
  • Бал кошулган лимон нектары — «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүүчү цехи;
  • Лимон ширеси (100 пайыз) — «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүү цехи;
  • Айва менен алма ширеси — Салибай кызы Уулкан;
  • «Курманжан Датка» балы — «Алай Тоо Асели» кооперативи;
  • Нокот печенье — Раатбек кызы Айгерим;
  • Курма уксусу — Абдуллаева Хуриятхан;
  • Жыгачтан жасалган кол өнөрчүлүк — «Wood Atelier» жыгач студиясы;
  • Таттуу жаңгак — Орозбеков Элчибек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости