www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Америка кадрларды тартуудагы кыйынчылыктардан улам армиясынын санын 24 миңдей кишиге кыскартат, деп билдирди «Fox News» телеканалы.

Американын Куралдуу күчтөрү реструктуризация келечектеги согуштарга катышууга жардам берерин белгилеп, жумуш орундарынын дээрлик 5% кыскарышы негизинен бош калган кызматтарга гана таасирин тийгизерин билдирди.

Армиядагы кыскартуулар козголоңчуларга каршы күрөшкө байланыштуу жумуш орундарына тишелүү. Алардын саны Ирак жана Ооганстандагы согуштардан улам көбөйгөн. Fox News белгилегендей, бүгүнкү күндө бул кызматтарга талап жогору эмес.

Чет элдик күчтөрдү машыктыруу үчүн колдонулган атчан отряддарда, «Stryker» согуштук топторунун бригадасында, жөө аскерлер бригадаларында жана коопсуздук күчтөрүнө жардам көрсөтүү бригадаларында 10 миңдей орун кыскарат. АКШнын Куралдуу күчтөрү ири масштабдуу согуштук операцияларды оптималдаштырууну көздөп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости