www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдарга берилген жөлөк пул үй бүлөнүн кирешесине карабай берилиши керек. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жөлөк пул адам капиталын колдоо максатында бөлүнөт.

«Мен ойлоп жатам, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алыш үчүн тизмеден пенсионерлерди алып коюш керек. Себеби ошонун аркасынан жаштар пенсиядагы ата-энелерин карабай, бөлүнүп кетип жатышат. Балага берилген жөлөк пул үйбүлөнүн кирешесине карабай берилиши керек. Бул адам капиталын колдоо максатында бериле турган жөлөк пул. Биз мунун маанисин таптакыр өзгөртүп салганбыз», - деди депутат.

Депутат Винера Раимбачаева («Ыйман Нуру») мыйзам долбоору аз камсыз болгон үйбүлөлөргө жана балдарга колдоо көрсөтүгө багытталганын белгиледи.

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости