www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук соту ишти бүгүн 26-апрель күнү карай турганын жабырлануучу кыздын адвокаты Аваз Мирзаев билдирди. Бул тууралуу Азаттык жарыялады.
Анын айтымында, жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы болуп Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат.
Жакындардын сөзү боюнча, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, былтыр күзүндө төрөгөндөн кийин белгилүү болгон.
2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Жабырланган кыз учурда таенесинин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган.
Булак: NazarNews.kg