www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында реконструкциядан өткөн Төлөнөв көчөсү пайдаланууга берилди.
Жаңыланган көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоордун алкагында жолго эки катмар асфальт төшөлүп, тротуарлар жана ирригациялык арыктар жаңыланууда.
Ошондой эле көчөнүн айрым бөлүктөрүндө жашылдандыруу тилкелери каралган.
Мындан тышкары, канал аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдү жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Көчөнү реконструкциялоого республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Жаңыланган жол унаа кыймылын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.