www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 30-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, 27-сентябрдан тартып Ош облустук бийлиги ички иштер органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери менен бирге коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөткөн. Коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде рейддер жүргүзүлгөн.

Рейд учурунда Кара-Суу районунда “Эльдорадо гранд” рестораны жана Дыйкан-Кыштак айылындагы “Кербен” ресторанында эреже бузулганы аныкталган. Буга байланыштуу Жоруктар кодексинин 127-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Рейддин жүрүшүндө Кара-Кулжа районундагы «Дөөлөтбай» кафеси тазалык эрежелерин сактабаган деген негизде үч миң сом айыпка жыгылды.

Белгилей кетсек, облустук милиция коронавирус жайылып жатканына жана жапырт иш-чараларга чектөө бар экенине карабай, кафе-ресторандарда той-топурлар көбөйгөнүн, айрым жарандар беткап тагынбай, санитардык эрежелерди сактабай жатканын билдирди. Жарандарды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды аткарууга чакырды.

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстанда бир катар чектөөлөр бар. Кафе-ресторандарга той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. Буга чейин Бишкекте эреже сактабай, той-топур өткөргөн бир канча кафе-ресторандар, клубдар аныкталган. Ошондой эле айыппул төлөп коюп эле той өткөргөндөр көп экени, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгүндө санитардык талаптар бузулуп жатканы коомчулукта айтылып келет.

Бул маселе өкмөттө да бир нече ирет көтөрүлүп, айыппулду көбөйтүү тууралуу сунуштар айтылган. Президент жана премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырышкан.

Статистика акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жугузуп алгандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости