www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн «Биримдик»? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп

Эмне үчүн «Биримдик»? Биримдикчилерди колдоого 7 себеп:

1. Бардык жакшы нерселер биригүүдөн куралат, түзүлөт, уланат. Бириккен эл гана өсөт, өнүгөт. Манастан калган  башкы нуска - эл-журттун  ажырагыс биримдиги. Ошон үчүн  “Биримдикти” колдойлу!

2. Биримдик үй-бүлөбүздөн тартып  бардык жерде болушу  үчүн “Биримдикке” добуш берели!

3. Биримдик – бул  ички, сырткы тыгыз интеграция аркылуу коопсуздукта ишенимдүү  өнүгүү. Кыргызстандын  туруктуу өнүгүп, эли бай-бакубат, бактылуу жашаган өлкөгө айлануусу үчүн “Биримдикке” добуш берели!

4. Евразиялык  тандоо - үч миң жылдык тарыхы бар бабаларыбыздан калган. Ал  тандоонун тууралыгын өткөн мезгил  ырастады. Ошондуктан евразиялык  интеграцияны жактаган “Биримдикке” добушубузду берели!

5. Ар бирибиз коомубузда социалдык адилеттүүлүк, теңдик, чындык бекем орношун каалайбыз. Аны ишке ашырууну максат кылган “Биримдик” үчүн добуш берели!

6. «Биримдик» - бул коррупцияга каршы элдешкис күрөш. Кыргызстанда коррупциянын тамыры биротоло кыркылышы үчүн “Биримдикке” добуш берели!

7. «Биримдик» - бул  кесипкѳй, жаратман, мекенчил  жана мамлекетчилдердин биримдигинен түзүлгѳн партия. Беш жылдык жашообуз мамлекетчилдердин колунда болсун десек, «Биримдик» партиясына добушубузду  берели!

«Биримдик» партиясы шайлоо бюллетенинде №1

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Последние новости