www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто шайлоого карата даярдыктар кандай  көрүлүүдө?

Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри, штабдын төрагасынын орун басары Саибжан Турдуев, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, штабдын мүчөлөрү катышышты.

Жыйында негизги маселе катары шайлоо тилкелеринин даярдыгы, санитардык талаптардын жана коопсуздуктун сакталышы тууралуу сөз болду.

Муну менен бирге Саибжан Турдуев ар бир саясий партияга бирдей шарт түзүлгөнүн, шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

“Эгерде мыйзам бузууларга жол берген фактылар катталган учурда тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке мыйзамда белгиленген тартипте тартылат. Шайлоону укуктук мейкиндикте гана талаптагыдай өткөрүлүшүн камсыз кылышыбыз керек”,-деди С. Турдуев.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө бир канча маалыматтар айтылып, тапшырмалар берилген.

“Энергетика жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалсын. Бардык шайлоо участкаларында кошумча генераторлор коюлушу шарт. Шайлоо күнү шайлоо участогуна киргизүү учурунда жарандардын социалдык аралыкты сактоо боюнча милиция кызматкерлери такай иш алып барып, шайлоо участкаларында эпидемиологиялык көзөмөл болсун”,-деп кошумчалады биринчи вице-мэр.

   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости