www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Навальныйдын ууланышына Путиндин тиешеси барбы?

Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный өзүн ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат деп эсептейт. Бул тууралуу Навальный «Der Spiegel» аттуу немис журналындагы маегинде билдирген.

«Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», - деп билдирген оппозициячыл саясатчы.

Ошондой эле ал Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Белгилей кетсек, Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

Буга чейин Навальный ооруканада жатканда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолукканы жөнүндө «Der Spiegel» журналы жазып чыгып, кийин бул маалымат ырасталган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости