www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто сойкукана иштеткен аялга сот өкүмү чыкты

Ош шаарында сойкукана иштеткен жаранга (аял киши) сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Токтомдо айтылгандай, Н. аттуу жаран (аттар өзгөртүлдү) 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын 26-январына чейин шаардагы салондордун бирин ижарага алып, сойкукана катары иштеткен.

«Ал уюштуруу-тескөөчүлүк иштерди, анын ичинде кардарларды кабыл алуу, алардын суроо-талаптарына жооп берүү, интимдик кызмат көрсөткөн аялдарды кардарларга көрсөтүү, акча алуу, акчанын эсебин жүргүзүү, ал жакта иштеген аялдардын иштөө графигин түзүү менен алектенип, интимдик кызмат көрсөтүү үчүн бир саатка 2,5 миңден 10 миң сомго чейин алып, анын 50% өзү алып, калган пайызын кызмат көрсөткөн аялдарга берип жүргөн», — деп айтылат токтомдо.

Ал быйыл 26-январда ыплас кызмат үчүн төлөм катары 1,5 миң сом алган учурда кармалган.

Жакында бул иш боюнча соттук отурум болуп, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, процессуалдык макулдашууга кол койгон.

Натыйжада, айыпталуучу процессуалдык макулдашууга кол койгону эске алынып, сот ага 100 миң сом айыппул салган.

Ошол эле учурда, айып пулду үч ай ичинде төлөбөсө, айыпты эркиндигинен ажыратуу жазасына алмаштыруу каралган.

Последние новости