www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке Башкы прокурордон депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунуштама келип түштү.

Ал 12-мартка караган түнү борбор калаадагы ресторандардын биринин жанында мушташка катышкан.

Башкы прокурордун өтүнүчүндө кылмыш ишиндеги айрым маалыматтар көрсөтүлгөн.

"12-март күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Элебаев жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Алтын ажыдаар" ресторанында (коомдук жайда) белгисиз адамдар бейбаштык кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бейбаштыктын натыйжасында А.Д. Улуттук госпиталга жаткырылып, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча 13-мартта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү иш Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгиленгендей, "Вымпел" күзөт агенттигинин ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери А.Д. жана А.А. 12-март күнү саат 01:46да алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн "Алтын ажыдаар" ресторанына келишкен. Күзөт агенттигинин эки кызматкери келери менен аларды Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров жана 7-8ге жакын мас абалындагы адам эч себепсиз ур-токмокко алышкан

13-март күнү кылмышка шектүү А.Д.М. жана P.E.A. кармалган.

Абировго козголгон кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, материалдар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага берилди. Себеби, Абиров Жогорку Кеңештин депутаты катары кылмыш иши өзгөчө тартипте карала турган адамдардын катарына кирет.

Абиров коомдук жерде жүрүүнүн эрежелерин одоно түрдө бузган. Ал А.Д.ны эс-учун жоготуп койгонуна карабай сабаган жана чачынан кармап, сүйрөгөн. Натыйжада жабырлануучу баш мээсинен жабык жаракат алып, көзү чайкалып, мурду сынган.

Окуянын видеосу интернетке тараган, мушташты Абиров уюштурган.

Абировдун жүрүм-турумунда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарында каралган кылмыштын белгилери бар", - деп айтылат кылмыш ишинин материалдарында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости