www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Анкара шаарына (Түркия Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев;

– өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

– экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости