www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев курултайдын мыйзам чыгаруу демилгесине каршы чыкты.

Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. Аны депутаттарга президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев тааныштырды.

Төрага Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорун кароодо депутаттардын бардык сунуштары эске алынарын белгиледи.

«Эгерде курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси болсо, анда биздин эмне керегибиз бар? Мен курултайга мыйзам чыгаруу демилгесин берүүгө принципиалдуу түрдө каршымын. Анткени Жогорку Кеңеш бар. Анда бизди жоюп салгыла», - деди Балбак Түлөбаев.

Анын кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков мыйзам долбоорунун концепциясы депутаттардын кароосуна өзгөртүүсүз сунушталганын белгиледи.

«Көптөгөн карама-каршылыктар бар. Парламенттин функциялары курултай менен бөлүштүрүлүп, жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары белгиленген», - деди депутат.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун колдогон эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости