www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Ош шаардык сотунун судьясын жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерин кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. (ортомчунун ролун аткарган) тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды. 

Алсак, КР УКМКнын дарегине С.Р.Ш. жана И.С.К.га карата чара көрүү жөнүндө КР жараны арыз менен кайрылган, анда Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. арыз ээсинин жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.

2025-жылдын 29-июлунда прокуратура кызматкери И.С.К. арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган.

Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган.

2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши С.Р.Ш. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Последние новости