www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК 2 жактоочуну кармаганын билдирди.

Тактап айтканда 21-августта жактоочулар М.И.Х. жана С.Ж.Х. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын жаранына 220 миң сом кайтарып берип жаткан учурда кармалды.

«Адвокаттар жашы жете электи зордуктоо жөнүндө кылмыш ишиндеги беренени анча оор эмес беренеге өзгөртүүгө мыйзамсыз көмөк көрсөткөндүгү үчүн 270 миң сом талап кылышкан. Бирок адвокаттар айыпталуучу Ш.Ж.га көмөк көрсөтпөй, беренени өзгөртүү үчүн эч кандай чара көрбөгөнү жана акчаны алдамчылык менен ээлеп алышканы аныкталган.

Ош шаардык сотунун чечиминин негизинде И.М. УКМКнын тергөө абагына, Ж.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости