www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат.
Объекттин курулушу менен Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана депутаттар таанышты.
Маалыматка ылайык, завод 18 гектар аянтты ээлеп, анын имараттарынын жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзөт. Учурда объектте негизги курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Ишкана толук ишке киргенден кийин таштандыларды сорттоо жана зыянсыздандыруу менен катар электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Мындан тышкары, заводдун ишке кириши жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.
Ош шаарында аталган долбоорду ишке ашыруу шаардын санитардык абалын жакшыртууга жана калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган.