www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында түнкү клубдун алдында коомдук тартипти бузуп, мушташкан жаштардын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 19-сентябрда саат 21:00 чамасында А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан «3222» түнкү клубунун алдында болгон.
Бул маалымат Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери окуяга катышкан жарандардын өздүгүн аныктап, алардын жетөөсүн тергөө кызматына камсыз кылышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жаштар аталган түнкү клубга Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Кара-Кулжа районунун 1-Май айылдарынан той алдындагы фуршетке келишкен. Эки башка топтун ортосунда пикир келишпестик чыгып, анын арты мушташка айланган.
Ошондой эле окуяга катыштыгы бар 2004-жылы туулган Э. уулу Н. денесинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына кайрылганы аныкталган.
Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү маалыматтарды топтогон.
Учурда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Окуяга тиешеси бар бардык жарандардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.