www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-сентябрда эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү.
Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.
Фестивалда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу сөз сүйлөп, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Ошондой эле «Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапатын жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу мал чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экени белгиленди.
Эл аралык фестиваль тажрыйба алмашууга, фермерлердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүгө багытталды.