www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү жана шаардын туристтик дараметин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Бүгүн Ош шаардык мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуу өттү.
Аны Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кабыл алды.
Жолугушууда шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаарга келген туристтердин санын көбөйтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле шаардын тарыхый-маданий мурастарын, туристтик жайларын жана инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди экономикалык өсүштүн маанилүү багыттарынын бирине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да активдүү улантууга макулдашышты.