www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ильяс Амангазиевдин мекемеге кызматкер катары кайра кайтып келгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым адамдар тарабынан маалымат мейкиндигинде мурда кызматтан бошотулган Ильяс Амангазиев УКМКнын кызматкери кызматына кайра калыбына келтирилгени тууралуу маалымат тараган.
УКМК бул маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.
Комитеттин билдирүүсүндө, Ильяс Амангазиев буга чейин Мамлекеттик комитетте кызмат өтөгөнү, бирок кийин кызматтан бошотулганы айтылат. Анын мурдагы кызмат орду кайра калыбына келтирилген эмес.
УКМК таратылган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.