www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында ТИЕНС (Тяньши) компаниясынын өкүлү кармалганын ОИИБ билдирди.
Милициядан билдиришкендей, милицияга шаардын тургуну «ТИЕНС»компаниясынын өкүлүнө каршы арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында «ТИЕНС» ишканасынын өкүлү О.Т. 2022-жылдын 17-апрелинде анын ишенимине кирип: «Эгер ишканага 210 миң сом төлөп, «6 жылдыз» наамына ээ болсңуз, айына 23 миң сом аласыз, андан тышкары 210 миң сом сиздики болот» деп алдап кеткен.
Бирок, бүгүнкү күнгө чейин убада кылган айлык маянасын төлөбөй, алган акчасын кайтара элек.
Натыйжада жабырлануучуга 210 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 1997-жылы туулган тургуну аныкталган. Ал 26-июлда кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган фирмадан жабыр тарткан жарандарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 03222-4-82-82 телефону аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Учурда бул факты боюнча комплекстүү кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg