www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Оруска барып, жалганчы жылмайып, Кытайга барып, карыз алып жашаган өлкөлөрдүн уюшмасы арык аттап, суу кечеби?», - деди бүгүн, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Манас Осмон.
- Манас мырза, Борбор Азиянын жүрөгү Ысык-Көлдө согуп, биз болсо президенттерди жакшы узатып алдык. Бул жолугушуудан эмне уттук?
- Орусияны кийлигиштирбей Борбор Азиянын тагдырын өз алдыбызча үстөлгө коюп, талкуулаган алгачкы жыйын болду окшойт.
Фергана өрөөнүн түзгөн Өзбекстан-Кыргызстан-Тажикстан аймактык коопсуздукка басым жасаганы табылгыс олжо болду. Бирок, быкшып, түтөп жаткан Фергананын тагдыры державалардын колунда болсо да, биз согушту эмес тынчтыкты колдоочуларбыз.
Кытай, Орусия, Түркия, Иран же, айрым Европа өлкөлөрү аймакты өз нугунда жөн койсо деле, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскердик блогу түзүлүп, Европа сыяктуу уюшма болоору илгери үмүт. Жакынкы жылдары ишке ашат дегендерге:
Борбор Азия өлкөлөрүнүн 100 жылдан бери тили, маданияты, билими өсө элек. Биргелешип коргонуу же, бир аймакта бирге жашоо биздин аң сезимибизге жат көрүнүш. Маселен: Орустун союлу болбосо, ит тытыш абалга кептелебиз. Аймактын кожоюндуга аттанган элдер жашайт Борбор Азияда.
Кыргызстандагы төңкөрүштөр, Орус-Украина согушу, Алмата коогалаңы, Каракалпакстан окуясы көп жылдан бери бийликти ээлеп отурган үй бүлөлөрдү аябай чочутту. Мындан улам биргелешип коргонуу маселеси көтөрүлүп жатат. Сырттан же, ичтен айырмасы жок.
Негизи, идеянын түпкүлүүгү туура бирок, Оруска барып, жалганчы жылмайып, Кытайга барып, карыз алып жашаган өлкөлөрдүн уюшмасы арык аттап, суу кечеби десең...
Булак: NazarNews.kg