www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-Түштүк жолу боюнча Садыр Жапаровго Кайрылуу

Экономист жана жазуучу Кушубек Качибеков Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттик администрациянын жетекчиси А. Ү.Жапаровго Кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда:

«Өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн жалгаштыруучу Талас-Көпүрө-Базар-Каракол (Ашуу-Төр) – Сосновка – Бишкек авто жолун куруу боюнча

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Эзелтеден көчмөн элдердин тарыхында жолду ыйык тутушкан. Жолду адамдын күрөө тамырына салыштырып; «Жол бүткөн жерде адамдын өмүрү да бүтөт» деп ишенишкен. Ошондуктан алардын жашоосунун көпчүлүк бөлүгү көчмөн турмуштун тоо аралаган кыйма - чийме жолдорунда калган.

Анын бир мисалы Улуу Жибек Жолу миң жылдап батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү, ал түгүл бүтүндөй континенттерди жалгаштырып, Улуу Жибек Жолунун даңаза тарыхы уланып, ал бүгүн да элүүдөн ашык мамлекеттерге, миллиарддаган калайык калкка ак кызматын көрсөтүп келе жатат.

Ошондуктан жол өлкөбүздүн экономикасынын кан жүгүрткөн артериясы экендиги баарыбызга маалым. Ошол Улуу Жибек Жолунун бир бутагы болгон, жалпы эле кыргыздын түштүгү менен түндүгүн бириктирген Бишкек-Ош жолуна катарлаш, тамырлаш Талас-Каракол, (Ашуу-Төр) –Сосновка-Бишкек жолу жүздөгөн жылдар бою алысты жакын кылып кыргыз элинин биримдигине, ынтымагына данакер болуп келгендигин өткөн тарых барактары тастыктап турат. Талас-Каракол же Талас-Кумбел аркылуу көчмөн ата-бабалар, кийин малчылар Чүйдөн Таласка, Таластан Чүйгө далай каттап келишкен. Бирок, Талас-Кумбел ашуусу аркылуу Чалдыбарга түшүүчү жолдун чеги коңшу Казахстанга кетилип кирип кеткен.

Ал эми Талас-Көпүрө-Базар-Каракол (Ашуу-Төр) жолу аркылуу жөө жалаңдап же атчан эле Сары өзөн Чүйгө түшүп, ал жол кылымдар бою алысты жакын кылып кыргыз элининин ынтымагына, биримдигине данакер болуп, бабалардын жашоо-тиричилигне кызмат кылып келгендиги тарых барактарында айтылып келет...

Жогоруда сөз болуп жаткан Талас-Каракол (Ашуу-Төр)-Сосновка -Бишкек жолун куруу боюнча Таластын кадырман эли демилге көтөрүп чыгууга негиз болгон жагдайлар бар.

Айрыкча, бүгүнкү транспорт агымы күчөп, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн жакындатуу маселеси жалпыбызга абадай керек болуп турган учурда бул жолдун саясий жана өндүрүштүк зарылдыгы өзгөчө экендиги талашсыз чындык.

Бири-бирине жакын турганы менен ортолорун тоо кыркалары бөлүп турган региондор арасын бириктирүүчү бийик ашуулары жок, кыска жана коопсуз жол куруу элибиздин ынтымагын мындан да ары бекемдеп, экономикалык, социалдык бир туугандык карым-катнашты күчөтөт.

Коомубуздун туруктуу өнүгүшүнө жол ачат. Муну менен биз азыркы аракеттеги Бишкек-Ош жолунун маанисин төмөнөткүбүз келбейт. Ал мындан ары да калайык-калкыбыз үчүн өзүнүн ак кызматын өтөй бермекчи.

Бирок, автомашиналардын агымы мындан жыйырма жыл мурдагыга караганда 5-10 эсеге көбөйгөн. Азыркы тапта бийик, эки тарабында тең отуздан ашык чукул серпантиндери- бурулуштары көп «Төө Ашуу», андан да кем калбаган, деңиз деңгээлинен 3326 метр бийиктиктеги “Өтмөк”, жылдын эң аз болгондо эле үч ай бою көчкү басуу коркунучуна кептелген «Ала Бел» ашууларынын адам өмүрүнө болгон коркунучу жылдан жылга күчөп баратканын мойнубузга алалы. Ошол эле учурда 5-10 сааттап, ал түгүл эки-үч күндөп жол жабылып, бир нече чакырымга созулган автотыгындан улам оор кыйынчылыктар орун алып, айдоочу-жүргүнчүлөрдүн тарткан азаптары арбып бараткандыгы айкын.

Дагы бир көйгөй «Төө Ашуу» туннелинин бир суткалык өткөрүм мүмкүнчүлүгү адистердин билдирүүлөрүнө таянсак 500 автомашинанын чегинде болсо, бүгүнкү тапта оору- жеңили болуп суткасына туннелге болгон басым 5-10 эсеге көбөйүптүр. Мунун өзү кайсы бир учурда туннел узак убакытка ремонтко жабылып калуу коркунучун жаратпастыгына ким кепилдик берет?

Жакында эле Төө-Ашуудагы туннелде «Джип» автоунаасынын газы жарылып 3-4 саат жол жабылып, туннелдин ичинде тыгын пайда болуп, бир канча айдоочулар газга ууланып дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушту...

Ушундан улам биздин Сиздерге курууну сунуштап отурган Талас – Көпүрө –Базар-Каракол (Ашуу-Төр)-Сосновка -Бишкек альтернативдүү автожолу боюнча төмөндөгүдөй оюбузду билдирмекчибиз:

Бул жолдун Бишкекке алып барчу бөлүгүн карасак; Таластан «Талды-Булакка» (Конезавод №113) чейинки аралык 65, “Талды-Булактан” «Көпүрө–Базар» айылына чейинки аралык 7 чакырымды түзөт.

Жалпысынан алганда бул 70 чакырымга созулган жол тилкеси асфальтталып, бүгүнкү абалы канааттандыраарлык экендиги жакшы билесиздер. Ошондой эле «Талас» - «Арал» - «Көпүрө Базар» кыска жолу да бар.

Андан ары жол «Көпүрө-Базар» айылы аркылуу «Каракол» жайлоосун бойлоп отуруп, «Ашуу-Төр» жайлоосу аркылуу «Абладан» түшүп, Кара-Балта суусун жээктеп «Сосновка» айылынын үстүнөн Бишкек-Ош жолуна кошулат. Мурда бул жол аркылуу мотоцикл, УАЗ автомашиналары өтүп турчу.

Жалып элдин бул суроо-талабы ишке ашып калса биринчиден, Каракол – Көпүрө-Базар-(Ашуу-Төр), Бок-Саз өзөндөрүнө Төө-Ашуу, Суусамырдай болуп кар калың түшпөйт, бийик ашуу да жок, экинчиден Таластан Бишкекке чейинки аралык 70-80 чакырымга кыскарат.

Эң негизгиси Төө-Ашуу жолунда, андагы туннелдеги жол тыгыны (өзгөчө кышында) бир кыйла азайып, Чүйдөн түштүккө же түштүктөн Чүйгө каттаган транспортторго туннелде жеңилдик жаралмак.

Албетте, бардык маселе акча каражатына келип такала тургандыгын жакшы түшүнөбүз. Республиканын экономикасын бүгүнкү абалын да көрүп турабыз.

Ошондуктан ал жерде жолду курууга чет элдик ириинвесторлорду таап, дыкат даярдык көрүп, баарын ийне-жибине чейин изилдеп, тактап анын долбоорун, техникалык-экономикалык негиздерин түзүп, анан киришүү керек.

Ушул жерден биздин дагы бир сунушубуз Талас өрөөнүндөгү «Жерүй», «Шыралжын», «Талдыбулак» жана башка кендерди иштетүүнү тездетип, ага келген инвесторлордун бул жолдун курулушуна түздөн-түз көмөктөшүүсүн сунуш кылып, эгер бул идея туура болсо алар менен түзүлүүчү мамлекеттик келишимге кошо киргизүү максатка ылайык болоор эле?..

Эгерде бул жол куруу башталса, намыстуу жалпы Талас эли, Таластык ишкер эр-азаматтар да четте калбай өз үлүштөрүн кошот эле деп ишенебиз.

Жакында эле белгилүү курулушчу, адис картограф Асыкбек Оморов жалпы Кыргызстан боюнча альтернативдүү жол карталарын чийип, сметалык чыгымдарын эсептеп чыккандыгын билдирди. Анын ичинде биз жогорудагы көп жылдан бери козгоп келген Талас- Көпүрө Базар-Каракол –Сосновка жолдору да камтылыптыр.

Бул маселе боюнча КР Транспорт жана жол министрлиги, долбоорлочу (проект) адистер дыкаттык менен терең иликтеп, өз сунуштарын айтуулары зарыл.

Ушул жолду куруунун демилгечиси “Бургө баатыр” коомдук фондусу (төрагасы К. Качибеков) жана анын жетекчисинин орун басары, эмгек ардагери Жолдошбек Рыскулов 2012-жылдын 17-ноябрында Талас облусуна иш сапары менен келген ошол убактагы премьер-министр Ж.Сатыбалдиевге атайын жолугуп аталган жолдун долбоору боюнча өз ой пикирин кеңири айткан эле. Бул маселе боюнча Таластык жалпы аксакал-ардагерлердин жыйынында кабыл алынып (Ж. Рыскулов, А. Кенесариев, М. Мамбеталиев, Р. Алканов, Э. Отунчиев, Т. Сыдыков, Ж. Казакбаев, М. Шабданов, А. Баязов, К. Бакетаев, О. Расылканов, Р. Осмоналиев, К. Темиралиева), алардын өлкө башчыларына жазган Кайрылуусу 01.02.2013-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин №7-санына чыккан. Бирок, ошол мезгилдеги өлкө жетекчилери тарабынан бул маанилүү элдик демилгеге эмнегедир көңүл бурулбай жоопсуз калтырылган.

Бул маселе боюнча маалыматтар өткөн жылы соцтармактарга чыгып, «Кыргыз-Туусу» (2021-ж.22-октябрь. №78) гезитине да атайын макала жарыяладым эле. Ошондуктан бүгүнкү күндө ушул маанилүү ишке өзгөчө көңүл бөлүп, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн алдыдагы программасына киргизип берүүңүздөрдү суранабыз.

Себеби, учурдагы Сиздердин Өлкөбүздүн экономикасын өркүндөтүү багытындагы жүргүзүп жаткан бардык тармактар боюнча жалпы эл үчүн жасап жаткан стратегиялык долбоорлоруңуздарды экономист катары колдойм жана терең ишеним артам.

Жалпы кыргыз элибиз, калдайган калайык калкыбыз, Талас журтчулугу да ушул Кайрылууну терең түшүнүү менен кабылдап, келечекте эл ичиндеги ынтымактыгын, биримдигин, бир тууганчылыктыгын жана өнүгүп-өсүүнүн гарантына айлана турган Талас-Көпүрө-Базар-Каракол-Сосновка-Бишкек альтернативалык автожолунун курулушун чын дилден колдошот деп терең ишенебиз.

Эгерде бул алгачкы демилгебиз ишке ашып калса, келечекте Талас аркылуу түштүккө карай жол курса да болот. Бул боюнча да 3 багыт бар:

1. Талас шаарынан 30 чакырым түштүктөгү Беш-Таш өзөнү аркылуу «Терек» ашуусу менен Токтогул районуна (Узун Акмат өзөнү) кирип барса болот (баш аягы 70 чакырым). Союз маалында бул жол менен УАЗ машиналары каттап турган.

Экинчиси: азыркы «Жер Үй» кени тараптагы «Туз-Ашуу» аркылуу «Ала-Белдин» түшө калышындагы «Үч-Чат» - «Кыз Бейит жайыгына» ашып түшсө болот.

Үчүнчүсү: «Талды-Булак» айылынын капталынан (Өтмөктүн түшө калышында) «Жаргаттын» белинен жол ачып «Ала-Белдин» жапыз капталы аркылуу чыгарса болот. Бул жолдор аркылуу илгертеден малчылар мал айдап өтүп келишкен.

СИЗДЕРДЕН;

Урматтуу Өлкө жетекчилери, биздин мурдагы жана азыркы Кайрылууларыбызды эске алып, жогорудагы Талас – Көпүрө-Базар – Каракол – Сосновка жолун куруу боюнча КР Транспорт жана жол министрлигине тапшырма берип, министрликтеги долбоорлочу (проект) адистерге техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭО) терең иликтетип, жалпы Талас элинин демилгесин ири долбоорлордун катарына кошуп карап, көпчүлүктүн суроо-талабын колдойт деп ишенебиз», - деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости