www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча ишти карап жатат.

Айыпталуучу үчөө: “Дордой” базарынын кароолчусу 41 жаштагы Кумарбек, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча мурдагы инспектору 39 жаштагы жана Свердлов РИИБнин мурдагы кызматкери 34 жаштагы Эрмек (аты-жөнү өзгөртүлдү).

Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Айыпталуучуларды суракка алуу башталды. Кылмышка шектелип жаткандар күнөөсүн мойнуна албай жатышууда. Келерки аптада сот иштин материалдарын иликтей башташы күтүлүүдө.

Эске салсак, бул кылмышка шектелип эки милиционер (Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана борбордун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери), дагы бир жаран "Дордой" базарынын күзөтчүсү (болжолу менен дагы мурдагы милиция кызматкери), ошондой эле Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын (официанттын) ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости