www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында бийлик менен оппозициялык кеңештин ортосунда футбол боюнча чоң тирешүү болуп өттү. Бийлик тарабында президент баш болуп монтоңдогон «монстрлар»: Адылбек Касымалиев, Бакыт Төрөбаев, Алмаз Бакетаев, Алмаз Бейшеналиевдер, оппозиция тарабында Бекболот Талгарбеков баш болгон Мамбетжунус Абылов, Назаркул Жоошбаев, Исмаил Исаков, Төрөбай Колубаев, Элмира Ибраимовалар. Калыс:  Кубатбек Боронов.

Ойноюн эми бекем деп,

Оозун ачып кетем деп.

Оппозиционер Жоошбаев,

Октой сызды тепеңдеп.

Кызыкты ал салыптыр,

Кыйла жерге барыптыр.

Көрсө, спирттен Назакең,

«Допинг» согуп алыптыр.

Ал аңгыча алдынан,

Садыкең чыгып чалыптыр.

Чабуулчусу «Бийликтин»,

Топту колго кармаптыр,

«Эрежени» урбайт да

Анын күчүн карап тур.

«Дакансалап» кыйкырып,

Дарбазага жетиптир,

Далдалактап охулап.

Жалтаң болуп калганбы,

Тоспой эле чоочулап.

Штангага баш катып,

Мамбетжунус отурат.

Тепсе элдер бут менен,

Боло берет кол деди.

Бийлик тарап чуркурап,

«Садыр аке, бол!» -деди.

Урган экен Садыкең,

Удар сильный! Гол! –деди.

Таблодо жаркырап,

«Один» жана «нөл» деди.

1-0

Талгарбеков жинденип,

Командасын жыйнады.

Кийиресиң бир гол деп,

Төрөбайды кыйнады.

Колубаев шашпады,

Кызыкты чоң баштады.

Буйтап өтүп бийликти,

Эрежени сактады.

Дарбазага тепти түз,

Оң бут менен кагып бир.

Касымалиев «вратарь»,

Мурдун тосо калыптыр.

Чабуулчусу Сакеге,

Кайрадан топ тийиптир.

Жеңи менен шашыла,

Мурдун сүртүп ийиптир.

Таманынан чаң чыга,

Буура сымал кириптир.

«Эрежени» урдум деп,

 Өзү эле билиптир.

Тосуп чыкса Макеси,

Тоголотуп ийиптир.

«Дакансалап» кыйкырып,

Дарбазага келиптир.

Дабыш чыкпай корголоп,

Дарбазанын жанында,

Топту тоспой тоголок.

Отурат дейт Абылов,

Топтон качып корголоп.

Тепсе элдер бут менен,

Боло берет кол деди.

Бийлик тарап чуркурап,

«Садыр аке, бол!» -деди.

Урган экен Садыкең,

Удар сильный! Гол! –деди.

Таблодо жаркырап,

«Два» жана «нөл» деди.

2-0

Талгарбеков жинденип,

Элмираны тооруптур.

Бийликке карай кыйкыртып,

Чабуулга шак коюптур.

«Султан ата» ысымы,

Корголотуп согуптур.

Көздү ачып жумгуча,

Дарбазада болуптур.

Тепкен экен ал топту,

Күчү менен созуп бир!

Касымалиев кашайып,

Кекиртегин тосуптур.

Анда Садыкең топту алып,

Жөнөп калды атып бир.

Гол киргизем дагы деп,

Далдалактап шашыптыр.

Доолабайм деп пачкалап,

Долларларды чачыптыр.

Карап алып акчаны,

Жоошбаев оозун ачыптыр,

Абылов тоспой дарбаза,

Таштай коюп качыптыр.

Тепсе элдер бут менен,

Боло берет кол деди.

Бийлик тарап чуркурап,

«Садыр аке, бол!» -деди.

Урган экен Садыкең,

Удар сильный! Гол! –деди.

Таблодо жаркырап,

«Три» жана «нөл» деди.

3-0

Чабуулчу эч таптырбай,

Турган кезде капырай!

Парашюттан секирип,

Башы күнгө жалтырай.

Топту алып Акаев,

Жөнөп калды шашып, ай.

Бийлик чоочуп «ой» деди,

Эл чуркурап «гол» деди.

 

Өткөн кезди эскерип,

Кызык болуп калыптыр.

Акаевге «мыелоп», Жоошбаев эбакта

Мышык болуп калыптыр!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости