www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-августта Сочиге бир күндүк иш сапары менен барат.

Habertürk агенттигинин маалыматына караганда, Эрдоган Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну пландаштырууда. Алар Украинадагы жаңжалды талкуулашат, ошондой эле дан коридорундагы кырдаалга баа бериши күтүлүүдө, деп билдирди TRT Haber.

Кийинчерээк жолугушуу тууралуу маалыматты Кремль да тастыктады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында Путин менен Эрдоган аймактык маселелерди жана эки тараптуу мамилелерди талкуулайт. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Акыркы жолу мамлекет башчылары 19-июлда Тегерандагы “Астана форматындагы” үч тараптуу саммиттин алкагында жолугушкан. Саммиттин алдында Эрдоган менен Путин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.. Андан соң украин данын экспорттоо маселесин да талкуулап, бир нече күндөн кийин Орусия менен Украина Түркия менен тиешелүү келишимдерге кол коюшкан.

Келишимдин эртеси орус аскерлери Одесса деңиз портундагы объектилерге чабуул коюшкан. Коргоо министрлиги Украинанын деңиз флотунун согуштук кемеси, америкалык ракеталардын кампасы жок кылынганын, кеме оңдоочу заводдун инфраструктурасы жабыркаганын билдирген. Негизги максат Украинанын аскерий инфраструктурасы гана экенин жана эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча эгин экспорттоого эч кандай коркунуч жок экенин Кремль баса белгиледи.

Буга чейин 26-июлда TGRT Haber жана Milliyet телеканалдары Путин Эрдоганга Байрактар ​​чабуулчу учкучсуз учактарын биргелешип чыгарууну сунуштаганын жазган. Алардын айтымында, бул тууралуу Түркиянын президенти бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Борбордук аткаруу кеңешинин жыйынында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости