www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштогу кумар оюндары уюшулган жай жабылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси билдирет.
"Мындан бир аз убакыт мурда Ошто казино бар экен, кыргыздар ойноп акчаларын уттуруп жатыптыр деген маалымат тараган. Аталган маалыматтын алкагында ИИМ иликтөө кылып, жыйынтык чыгарды. 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду.
Аталган жай казино эмес, букмекер (компьютердеги автоматтык оюн) экени аныкталган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.
Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.
Казино боюнча тактай кетсем, Кыргызстандын жарандары ойногонго болбойт, мыйзам жол бербейт. Чет элдик жарандарга гана уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында 10 миң долларын уттуруп жибергенин айткан видео тараган. Көп өтпөй бул окуя боюнча Ош ШИИБи иликтөө ишин баштаган.
Булак: NazarNews.kg